Анна Данилина Индиан-Уэллсте өтүп жаткан WTA 1000 турниринин жарым финалына чыкты.
Индиан-Уэллс, 2026-жылдын 13-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандык теннисчи Анна Данилина жана сербиялык Александра Крунич АКШда өтүп жаткан WTA 1000 (Аялдар теннис ассоциациясы) турниринин жарым финалына чыгышты.

Чейрек финалда бул дуэт орусиялык Мирра Андреева менен канадалык Виктория Мбокону 7:6, 6:2 эсебинде жеңди.
Бул Данилина менен Круничтин катары менен жетинчи жолу WTA жарым финалы. Бул сезондо алар Австралиянын Ачык чемпионатынын финалына чыгып, Дохада WTA 1000 титулун жеңип алышкан.
Казак-серб жубу финалга чыгуу үчүн Кристина Букша (Испания) / Николь Мелихар (АКШ) дуэти менен күч сынашат.
Сүрөт : FTK
