Аргентинанын түндүгүндө күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болду – ИА Караван Инфо
Аргентинанын түндүгүндө күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Аргентинанын түндүгүндө күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын өлкөнүн Улуттук сейсмология институту билдирди. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:55те Ринконада кыштагынан 20 чакырым түндүктө жайгашкан Жужуй провинциясында болгон. Жер титирөөнүн очогу 277 чакырым тереңдикте болгон. Учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок..

Сүрөт: Pixabay.com/ Angelo_Giordano

error: