Берлин, 2026-жылдын 4-марты – Karavan Info маалымат агенттиги . Астана тарыхында биринчи жолу медициналык жана ден соолукту чыңдоо туризми тармагында дүйнөдөгү эң ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири – ITB Berlin (Эл аралык саякат соода көргөзмөсү) 2026га катышат. 3-марттан 5-мартка чейин Берлинде өтүүчү көргөзмө 170тен ашык өлкөдөн миңдеген экспоненттерди бириктирет.

Астана жакшы өнүккөн инфраструктурага ээ: 312 мейманкана, 2100дөн ашык ресторан, 100дөн ашык аттракциондор жана 100дөн ашык көргөзмө жана медициналык мекемелер. CEOWORLD журналынын (бизнес, экономика жана глобалдык лидерлик журналы) маалыматы боюнча, Казакстандын борбору 2025-жылы дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын бири деп табылган.
2025-жылдын алгачкы тогуз айында Астана 1,2 миллион конокту тосуп алган (+9%), ал эми Германиядан келген коноктордун саны 15% га өсүп, 10 500дөн ашкан. Шаарда Эл аралык биргелешкен комиссия (JCI) тарабынан аккредитацияланган сегиз клиника бар — Казакстан дүйнөдөгү мындай мекемелердин саны эң көп болгон 25 өлкөнүн катарына кирет.

Астана делегациясын Президенттик администрациянын медициналык борборунун ооруканасы, Green Clinic, Prime Green Clinic жана Empire Travel Qazaqstan компаниялары көрсөтүшөт. Негизги адистик багыттары: кардиохирургия, нейрохирургия, онкология, репродуктивдик медицина, ортопедия, офтальмология, трансплантология, пластикалык жана бариатриялык хирургия, ошондой эле комплекстүү текшерүү программалары.
Көргөзмөдө Европа менен Азиянын туроператорлору, камсыздандыруу компаниялары жана медициналык ортомчулар менен B2B жолугушуулар өткөрүлөт. Astana Tourism компаниясынын жетекчиси Артем Квашук медициналык туризмдин келечеги сапат, жеткиликтүүлүк жана үнөмдүүлүктү айкалыштырган багыттар экенин баса белгиледи.
Сүрөт : Астана акимиаты
