Астанада ЖККУ саммити башталды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Астана шаарынын Эгемендүүлүк Сарайына келди.
Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.
ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун Баш катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/