Азыр фитосанитардык документти онлайн алуу модага айланды – ИА Караван Инфо
Азыр фитосанитардык документти онлайн алуу модага айланды

Айыл чарба продукцияларын экспорттоодо фитосанитардык документтерди алуу процессин автоматташтыруу максатында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте “бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы аркылуу электрондук өтүнмө берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ага ылайык, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары фитосанитардык документтерди алуу үчүн Департаменттин кеңселерине же Ишкерлерди тейлөө борборлоруна барбай эле, аралыктан электрондук түрдө төмөнкү шилтеме аркылуу арыз бере алышат: (https://swis2.trade.kg/en/login, https://signup.trade.kg/).

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: