Баткенде опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча аскер кызматкерине кылмыш иши козголду – ИА Караван Инфо
Баткенде опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча аскер кызматкерине кылмыш иши козголду

Баткенде опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча аскер кызматкерине кылмыш иши козголду, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. 

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүктүн Н.А. аттуу контрактык аскер кызматкерине жана Э.у.Д. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө, алар Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылында Т.Ж. аттуу жаранды жана ага таандык “Мерседес-Бенц” автоунаасын жүгү менен укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз деп коркутуу жолу менен андан 100 миң сом алышкандыктары аныкталган.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: