Баткендеги "Толукбай" кенине абаны булгагандыгы үчүн айып салынды
Баткен облусундагы “Толукбай” кенине абаны бузгагандыгы үчүн айып салынды, деп билдирет Жаратылыш министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын инспекторлору 8-10-январь күндөрү аталган кенди пландар тышкары текшерип барышкан.
Анын жүрүшүндө бир нече бузуу аныкталып, ишканага 28 миң сом өлчөмүндө айып салынып, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 84 172,6 сомдук доо коюлган.
Белгиленген мөөнөттө бузууларды жөнгө салуу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилген.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/