Баткендин алыскы Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотулду
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Мега” компаниясы Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланышты орнотту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Эске салсак, мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган.
“Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Президент Садыр Жапаров администрациясынын кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген.
Бүгүн “Мега” компаниясынын башкы директору Эльнар Субакожоев мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып маалымат берди”, – деди Алагөзов.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/