Бажы тармагындагы мыйзам бузуулар аныкталды: мамлекетке 170 млн. сом зыян келтирилген – ИА Караван Инфо
Бажы тармагындагы мыйзам бузуулар аныкталды: мамлекетке 170 млн. сом зыян келтирилген

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүүдө, Европа Союзунун өлкөлөрүнөн Кыргызстан аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба техникасын өткөрүүдө товарларды туура эмес декларациялоо схемасы колдонулгандыгы белгилүү болгон. Бул схема 2023-2024-жылдар аралыгында ишке ашырылып, бир нече ири жеткирүүлөрдү камтыган.

Айрым бажы кызматкерлери жеткирүүчү компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өз кызмат абалдарын жеке пайда алуу жана тышкы соода катышуучуларына мыйзамсыз артыкчылыктарды түзүү үчүн пайдаланышкан. Экономикалык санкцияларды жана бажы процедураларын айланып өтүү максатында татаал логистикалык схемаларды колдонушуп, товарлардын чыныгы багытын жашыруу үчүн туура эмес коддорду көрсөткөн. Мындай аракеттердин натыйжасында мамлекетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 241-беренеси (Бажы төлөмдөрүн жана башка бажы алымдарын төлөөдөн качуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: