Бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү ведомстволордун жетекчилери менен биргеликте борбор калаадагы социалдык объектилердин долбоорлорун жана курулуш аянтчаларын карап чыкты.
Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 2026-жылга чейин Бишкекте 20 жаңы мектеп курулат. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланат.
Тактап айтканда, жаңы мектеп Октябрь районунун Көк-Жар айылдык округунда курулат. Курулуш аянты буга чейин аныкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалып, курулуш иштери жакында башталаары пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, Бишкектеги окуучулардын саны учурдагы мектептердин долбоордук кубаттуулугунан бир топ ашып кетет, андыктан жаңы имараттардын курулушу билим берүү мекемелерине түшкөн басымды азайтып, окуу шарттарын жакшыртат.
Нурдан Орунтаев жумуштар бекитилген пландарга так ылайык жүргүзүлөрүн жана долбоорду ишке ашыруу Курулуш министрлигинин жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.
2026-жылдын 31-январы, саат 13:11:05

