Бишкек-Сокулук багытында жүргөн автобус каттамы ачылат – ИА Караван Инфо
Бишкек-Сокулук багытында жүргөн автобус каттамы ачылат

Эртең, 19-декабрдан тарта Бишкек-Сокулук (Сары-Өзөн) багытында жүргөн муниципалдык автобус каттамы ишке кирет. Акыркы аялдама тоок фабрикасында жайгашат.

Күн сайын 25 автобус каттамга чыгат, жүрүү аралыгы 10-14 мүнөттү түзөт.

Жол кире акысы 35 сом. Ал эми Бишкек шаарынын аймагында 20 сом.

Автобус каттамы Сокулук районунун тургундарынын өтүнүчү менен ачылды. Жол кире акысы Сары-Өзөн  айылдык кеңешинин чечими менен 35 сом болуп бекитилди.

Ошондой эле туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан № 19 автобус каттамы ишин токтот.  

Бажы жана катоо процедураларын аяктаса, Isuzu үлгүсүндөгү автобустарга алмаштырылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: