“Бишкек жашыл курулуш” ишканасы шаардын тазалыгынын жана тартибин сактоодо! – ИА Караван Инфо
"Бишкек жашыл курулуш" ишканасы шаардын тазалыгынын жана тартибин сактоодо!

Жаңы жылдын башталышы  менен жаз мезгилине даярдыктар башталат. Шаардын ирригациялык-дренаждык тармактарын тазалоо иштери “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын күжүрмөн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө адистер Октябрь районундагы Чыгыш Чоң Чүй каналын тазалоо иштерин активдүү жүргүзүүдө. Жеринде 5 атайын техника иштеп, 150дөн ашык погондук метр тазаланды.

Ошондой эле Свердлов районунун Ак-Тилек конушундагы АКДТ (ачык коллектордук дренаждык түйүн) кол менен жана механикалык тазалоо иштери активдүү жүрүп жатат.

Борбор калаанын Биринчи май районунда Можайский көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейинки жабык коллектордук-дренаждык тармактар 550 погондук метр тазаланды. Ак-Босого конушунда ишкананын кызматкерлери тарабынан 3400 погондук метр ЖКДТ (жабык коллектордук түйүн) тазаланып, ошондой эле 3300 погондук метр жеринде атайын машиналар менен үйлөп, тазалоо иштери жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бул иштер “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жыл сайын жаз-жай мезгили башталганга чейин борбор калаанын конуштарында калктын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: