Бишкекте «Кол эмгек казынасы» көргөзмөсү ачылат – ИА Караван Инфо
Бишкекте «Кол эмгек казынасы» көргөзмөсү ачылат

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 17-январда «Кол эмгек казынасы» көргөзмөсү ачылат.

Музейден кабарлашкандай, аталган көргөзмөдө Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” Республикалык эстетикаталык тарбия берүү окутуу-усулдук борбор тарабынан биргелешип уюштурулган Кол өнөрчүлүк чыгармачылык боюнча балдардын Эл аралык сынагынын катышуучуларынын иштери, эмгектери сунушталмакчы.

Кол эмгек кенч – бул,  чеберчилик менен ой-чабытты гана көрсөтүү эмес, ал кол менен жасалган эмгектин, экологияга аяр мамиле жасоо керектигин маданий мурастын көп кырдуулугун баалоону түшүүнүү жагында маанилүү кадам болуп саналат. 

Сынактын катышуучулары өздөрүнүн аткарган иштери менен искусство кандай негизде муундар ортосундагы байламтаны бекемдеген салттардын чагылдырылышы жана кеклечекте багынтылуучу бийиктиктерге жетүүнүн шыктандыруучу булагы боло тургандыгына көсөтүшөт.

Сынак менен көргөзмөнүн максаты — улуттук салттарды сактап калуу, жаштарды чыгармачылык аркылуу өзүн көрсөтүүсүнө шыктандыруу, ошондой эле келген меймандарды кол менен жасалган укмуштуу буюмдар ар кыл өлкөлөрдүн маданий өзгөчөлүгү менен тааныштыруу болуп саналат.

Сынак ар кыл мамлекеттерде жашаган 9 жаштан 17 жашка чейинки талантуу балдардын башын бириктирген, алар кол менен укмуштуу буюмдарды жасоо жагындагы өз шыктуулуктарын көрсөтө алышкан.

Катышуучулардын иштери 5 номинацияда бааланган:

Саныкка Беларусь Республикасынан, Казакстандан, Россиядан, Тажикистандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандын бүтүндөй аймагынан 1000 бала катышкан.

Көргөзмө 17нен 19-январга чейин уланат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: