Бишкекте өлкөнүн башкы балатысын алуу иштери башталды – ИА Караван Инфо
Бишкекте өлкөнүн башкы балатысын алуу иштери башталды

Бишкекте жаңы жылдык майрамдар аяктап, Ала-Тоо аянтындагы балаты жана майрамдык жасалгалар алына баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Быйыл өлкөнүн негизги балатысын жасалгалоо үчүн 1,5 миллион сом каражат сарпталган.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын долбоорунун негизинде жеке компания тарабынан аянттын аймагы көрктөндүрүлүп, ага 16,6 миллион сом сарпталган. Ошондой эле, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн 330 миң сом төлөнгөн, электр энергиясы жана суу чыгымдары, ошондой эле салык төлөмдөрү 2,3 миллион сомду түзүп, иш-чаралар учурунда 250дөн ашык адам жумушка орноштурулган.

Көчмө сооданы алдын алуу максатында атайын соода жайлары уюштурулуп, келишимдер түзүлүп, шаардык казына 2,8 миллион сомго толукталды.

14-декабрдан 1-январга чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору күн сайын майрамдык концерттерге катышып, компанияларга мэрия тарабынан өздөрүнүн иш-чараларын өткөрүү мүмкүнчүлүгү берилди. Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жана сахна менен жабдууларды ижарага алуу чыгымдарын жарым-жартылай төлөөгө мүмкүнчүлүк берди.

Ал аралыкта аянтка 550-600 миң адам кызыгып келип, анын ичинде эң көп эл 14-декабрда – 10 миңден ашык адам, ал эми 31-декабрда – 18 миңден көп адам келген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: