Бишкекте “Ынтымак” жана “Ак-Кула” көмөк чордондорунун ачылыш аземи өттү – ИА Караван Инфо
Бишкекте "Ынтымак" жана "Ак-Кула" көмөк чордондорунун ачылыш аземи өттү

Бишкекте “Ынтымак” жана “Ак-Кула” көмөк чордондорунун ачылыш аземи өттү, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты. 

Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн “КУЭТ” ААКнын филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы 110/10 кВ жогорку чыӊалуудагы “Ынтымак” жана “Ак-Кула” көмөк чордондорунун курулушун аяктады.

“Ак-Кула” жогорку чыӊалуудагы көмөк чордону эски ипподромдун районунда курулуп, Джал, Рабочий городок, ипподром райондорунда жайгашкан керектөөчүлөрдү жана жаӊы салынып жаткан ГИК үйлөрүн электр энергиясы менен камсыздайт. 

«Ак-Кула» көмөк чордонунда  кубаттуулугу 16 000 кВА болгон күч трансформатору, элегазалык өчүргүчтөрү жана 110 кВ чыңалуудагы ток трансформаторлору, ажыраткычтары, сырткы орнотмодогу 10 кВ комлекттик бөлүштүрүүчү жабдуу  орнотулган. Ошондой эле, адистер 110 кВ чыңалуудагы «Ала-Арча – Ново-Южная-1»  электр аба чубалгысынын тартышкан. Ошондой эле жаңы 110/10кВ “Ак-Кула” көмөкчордону, иштеп жаткан 110/35/10 кВ “Мамбетова”, 110/35/6 кВ “Ново Южная”, 110/10 кВ “Айни” көмөкчордондорунун жүктөмүн  жана электр энергиясынын жоготууларын азайтууга мүмкүндүк берет.

Ал эми “Ынтымак” жогорку чыӊалуудагы көмөк чордону Орто-Сай айылында курулуп,  Оро-Сай айылын жана жакын жайгашкан жаӊы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылат.

«Ынтымак» көмөк чордонунда  кубаттуулугу 10 000 кВА болгон күч трансформатору, элегазалык өчүргүчтөрү жана 110 кВ чыңалуудагы ток трансформаторлору, ажыраткычтары, сырткы орнотмодогу 10 кВ комлекттик бөлүштүрүүчү жабдуу  орнотулган. Ошондой эле, адистер 110 кВ чыңалуудагы «ТЭЦ Б – Парковая-2»  электр аба чубалгысын тартышкан.

Ошондой эле жаңы 110/10 кВ “Ынтымак” көмөкчордону, иштеп жаткан 110/35/10 кВ “Парковая”, 110/35/6 кВ “Абдыкалыкова” көмөкчордондордун жүктөмүн жана электр энергиясынын жоготууларын азайтууга мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев куттуктоо сөзүн айтты.

 “Бүгүн Бишкекте  эки ” Ынтымак “жана” Ак-Кула ” көмөк чордондорун ишке киргизип жатабыз. Керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын көбөйгөнүнө байланыштуу, электр энергиянын керектөөсү да өсуп жатат. Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн курулуш иштерге  активдүү катышкандарга ыраазычылык билдирем. Ар бир үйдө жарык, жылуулук болсун!».

Белгилей кетсек, көмөк чордондор подрядчы уюмдар тартылбастан, ишкананын өз күчү менен курулган. Курулуштардын каржылоосу “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн.

Иш-чарада ошондой эле «КУЭТ» ААКнын директорлор Кеӊешинин төрагасы Атантай Турдубаев, Бишкек ш. мэриясына карштуу ОЭК Департаментинин директорунун орун басары Мирлан Энназаров, «КУЭТ» ААКнын башкы директордун капиталдык курулуш боюнча орун басары Ильгиз Сыдыгалиев жана Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, кызматкерлери катышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: