Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында Бишкек жана Ош шаарларындагы 11 жаңы конуштун калкы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуунун негизги маселелерин талкуулоо боюнча «Аракет – Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн» долбоорунун тегерек столу өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирет.
Иш-чарага Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтарынын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер, ошондой эле Ак-Жар, Адилет, Алтын-Казык, Дордой 2, Ак-Ордо-2, Ак-Ордо-3, Ала-Тоо-3 жаңы конуштарынын жергиликтүү жамааттарынын лидерлери катышат.
Иш-чара бардык кызыкдар тараптардын өнөктөштүгүн күчөтүү аркылуу «Аракет» өнөктөштүк долбоорунун жыйынтыктарына сереп салууга багытталган. Катышуучулар Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарында пайда болуучу керектөөлөрдү, аларды чечүү жолдорун, администрациялык-аймактык реформанын шартында турак жай конуштарын өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле бул райондордун жашоочулары туш болгон экологиялык тобокелдиктерди талкуулашат.
Жолугушуунун алкагында Ош шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү тарабынан даярдалган жаңы конуштардагы чакан гранттар программасынын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтар менен алмашуу пландаштырылууда. Калк менен өз ара аракеттенүү жана жаңы конуштардын жашоочуларынын демилгелерин колдоо боюнча ийгиликтүү тажрыйбалар презентацияланат.
Жаңы конуштардагы жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгуу тегерек столдун жыйынтыгы болуп калат, анда жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик институттардын, эксперттердин жана долбоордун өнөктөштөрүнүн пикирлери жана сунуштары камтылат.
Иш-чаранын уюштуруучусу болуп Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттигинин (SDC), Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен «GFA Consulting Group GmbH» компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан «АРАКЕТ – Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн» долбоорунун алкагында «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси эсептелет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/