Бишкекте жана Ошто мектеп директорлорун тандоо сынагы өтүүдө – ИА Караван Инфо
Бишкекте жана Ошто мектеп директорлорун тандоо сынагы өтүүдө

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тест өткөрүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, тестирлөөгө өлкөнүн бардык аймактарынан 294 талапкер катышууда.

Эскерте кетсек, азыркы учурда республика боюнча 457 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундары бош.

Сынак Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан өткөрүлүүдө. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: