2024-жылдын 19-декабрынан 24-декабрына чейин Казакстандын Кокшетау шаарында оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу В. Юпактын жаркын элесине арналган ачык турнирге катышып, байгелүү орундарды ээлешти.
Мелдеш жаш оор атлетчилер үчүн чоң тажрыйба болуп, алар өздөрүнүн спорттук чеберчилигин көрсөтө алышты.
Мелдештин максаты – өлкөлөрдүн спортчуларынын ортосундагы достукту чыңдоо жана жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу болду.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары төмөнкү байгелүү орундарды ээлешти:
•I-орун: Мамбетказиева Саида;
•I-орун: Женишбек уулу Нургазы;
•I-орун: Байгабылов Азамат;
•I-орун: Абдыкалыков Рухшат;
•I-орун: Абдылдаев Тимур;
•I-орун: Жолдошкулов Айтегин;
•I-орун: Кадырахунов Илхам;
•II-орун: Марсов Бекназар;
•II-орун: Миназаров Муканбет;
•II-орун: Курбанбек кызы Айдай;
•III-орун: Мажитов Дастан;
•III-орун: Назарбаев Азамат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/