Блогер павлинди жегени үчүн түрмөгө камалды – ИА Караван Инфо
Блогер павлинди жегени үчүн түрмөгө камалды

Индиялык Ютубер Кодам Пранай Кумар павлиндин этинен тамак жасап, жеп жатканын көрсөткөн видеосун жарыялагандан кийин чатактын чордонунда калды. Бул павлин Индиянын улуттук канаттуусу жана мыйзам тарабынан корголгондугу үчүн кеңири нааразылыктарды жаратты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

“Салттуу павлин карри рецепти” деп аталган видео интернет колдонуучулардын арасында чуу жаратты. Көпчүлүк блоггерди ыйык кушту сыйлабай, жапайы жаныбарлардын этин мыйзамсыз колдонууга үндөп жатат деп айыпташты. Натыйжада Кумар «Жапайы жаратылышты коргоо мыйзамын бузганы үчүн» кармалып, 14 суткага СИЗОго камалган.

Блогер видеодо павлинди эмес, тоокту колдонгонун айтып, өзүн актоого аракет кылган. Бирок иликтөө учурунда анын телефонунан павлиндин тамагын чындап даярдаганын тастыктаган жазуулар табылган.

Бул индиялык блоггерлердин каналдарындагы мазмундун айынан түрмөдө отурган биринчи учуру эмес. Буга чейин дагы бир YouTube блогери Гүлшан Шейх видео үчүн темир жолго объекттерди таштап, поезддеги жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч келтиргени үчүн кармалган.

Сүрөт: Pixabay.com/allanlau2000

error: