Өткөн жуманын аягында Казакстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери Олжас Бектенов менен Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында эки тараптуу кызматташуу боюнча казак-өзбек биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны өттү.

Жолугушуунун катышуучулары соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетика, транспорт, айыл чарба жана экологиялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелерин карашты.
Өткөн жылдын аягында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 4,5 миллиард долларды түзсө, 2024-жылдын 4 айында көлөмү 1,2 миллиард доллардан ашкан. Борбор Азиядагы сооданын 57 пайызы Казакстан менен Өзбекстанга туура келет.
Өндүрүштүк кооперация тармагында амбициялуу долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Жалпысынан 14,7 миңден ашык жумушчу орундарын түзүү менен 3,1 миллиард долларлык 69 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Буга чейин 217 миллион долларлык 12 долбоор ишке ашырылып, 4,5 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Мындан тышкары Казакстандын Түркестан облусунда жана Өзбекстандын Сырдарыя облусунда аянты 100 гектарды түзгөн “Борбордук Азия” эл аралык өнөр жай кооперациясынын борборун түзүү боюнча глобалдык долбоор бар.
«Өзбекстан Казакстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири. Эки мамлекеттин башчылары биздин өкмөттөрдүн алдына орто мөөнөттүү келечекте өз ара сооданын көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшту. Бул багытта биз агроөнөр жай комплексинде жана тамак-аш өнөр жайында сооданы көбөйтүүгө, ошондой эле өнөр жай кооперациясынын деңгээлин жогорулатууга кызыкдарбыз», – деп белгиледи Олжас Бектенов өз сөзүндө.
Өз кезегинде Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маанайда өнүгүп жатканын белгиледи.
«Оң өсүш бардык тармактарда байкалууда. Бул биздин бир тууган элдерибиздин таламдарына толук жооп берет. Албетте, өнөктөштүктүн мындай жогорку деңгээлинин маанилүү фактору болуп мамлекет башчыларынын ортосундагы достук жана ишеним мамилелери саналат. Бүгүнкү жолугушуу жана жетишилген макулдашуулар биздин кызматташтыгыбызга кошумча түрткү берет деп ишенем», — деди Абдулла Арипов.
Сүрөт: КМШ Аткаруу комитетинин расмий сайты