Британиянын Уолсолл шаарында каналга химиялык заттар агып кеткени катталды. Каналдагы суу уулуу натрий цианидине жана башка химиялык заттарга текшерилип жатканын жергиликтүү бийлик X социалдык түйүндөрдө билдирди.
“Уолсоллдогу каналга төгүлгөн химиялык ири инцидент катары бааланып жатат. Биз Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги сууда натрий цианидинин жана башка химиялык заттардын бар-жоктугун текшерүү үчүн сыноо режимин орноткондугун тастыктайбыз”, – деп айтылат шаардын билдирүүсүндө.
Бул агып чыгуу “объекттен” келип чыкканы такталган, бирок кошумча маалымат азырынча бериле элек. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Бийлик жергиликтүү тургундарды каналдын аймагына жана ага жакын аймактарга түшпөөгө, сууга тийгенден кийин өзүн жаман сезип, дароо дарыгерге кайрылууга чакырды.
Жергиликтүү кеңештин маалыматына караганда, айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына мүмкүн болуучу таасирин азайтуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Сүрөт: Pixabay.com/designerpoint