Британиялык компания Кыргызстанда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод курат – ИА Караван Инфо
Британиялык компания Кыргызстанда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод курат

Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын “Concrete canvas” компаниясынын ортосунда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюлду.  

Заводдун пландаштырылган кубаттуулугу жылына кеминде 5 миллион м² ийилме бетон чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетет.

“Биз 100 тонна цементтин ордуна 5 тонна гана бул материалды колдоно алабыз, ошол эле учурда жогорку натыйжага жетишебиз, монтаждоо-реконструкциялоо ылдамдыгын бир топ жогорулатат. Бул технологияны колдонуу менен биз замандын талабына жооп берип жатабыз”, – деди Адылбек Касмымалиев.

Ал ошондой эле бул долбоор “мамлекет менен бизнестин натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү” экенин белгиледи.

“Биз бул долбоор башка инвестициялык демилгелердин катализатору болуп каларына ишенебиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.  

Маалымат үчүн:

Ийилме бетон плита – бул орнотууну тездетет, айлана-чөйрөгө терс таасирин азайта турган инновациялык материал.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: