Будапештте Адылбек Касымалиев менен Венгриянын премьери жолукту – ИА Караван Инфо
Будапештте Адылбек Касымалиев менен Венгриянын премьери жолукту

17-декабрда Будапешт шаарында Венгрияга бир күндүк иш сапары менен барып келген министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу болуп өттү.  
 
Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты.
 
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: