БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 13-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. БУУнун Ооганстандагы саясий миссиясынын (UNAMA) башчысынын орун басары Жоржетт Ганьон талиптер менен Пакистан күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулардын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип, кризис Орозо айт майрамынан кийин да уланышы мүмкүн экенин эскертти.

Нью-Йоркто өткөн басма сөз жыйынында ал эки тарап тең сабырдуулукту көрсөтүп, сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келип, ок атышууну токтотуу үчүн аракет кылышы керек деп билдирди.
Ошондой эле ал Жакынкы Чыгыштагы согуштар Ооганстандагы кырдаалга терс таасирин тийгизгенин кошумчалады. Анын айтымында, бул чыр-чатактар соода жана транзиттик товарларды ташуу ишин үзгүлтүккө учуратып, товарлардын жана азык-түлүктүн бааларынын өсүшүнө алып келген.
БУУнун өкүлү ошондой эле бул кагылышуулардын уланышы гуманитардык жардам жеткирүүгө терс таасирин тийгизерин эскертти.
Ганьондун айтымында, экономикалык, саясий жана гуманитардык кризистердин бир эле учурда күчөшү Ооганстандын эл аралык обочолонушун ого бетер тереңдетип, өлкөнүн тынчтык жана туруктуулук келечегине олуттуу коркунуч келтирет.
Сүрөт: PAJHWOK/Хасиб Муслих
