Чет өлкөдө диний билим алуу үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин макулдугу керек – ИА Караван Инфо
Чет өлкөдө диний билим алуу үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин макулдугу керек

Бүгүн, 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин социалдык саясат боюнча комитети «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Анын айтымында, «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын жана жоопкерчиликтерин ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат. Мыйзам долбоору диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылууга жана мыйзам базасын өркүндөтүүгө багытталган.

Ал эми «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк диний билим алуу процессин жөнгө салуу сунушталууда. Мындан сырткары чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле билим алуучулардын статистикасын жүргүзүү максатында чет өлкөдө диний билим алууну каалаган адамдар өздөрүнүн өлкөдөн чыгуусун Дин комиссиясы жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуусу керек. Жогорудагы талаптарды аткарбаган учурда, билим алуучунун диний окууну аяктагандыгын тастыктаган документ Кыргыз Республикасынын аймагында жараксыз деп эсептелет.

Ал эми экс-муфтий Максатбек Токтомушев мыйзам долбоорлорун колдоп, дааваттагы эл кыдырууга (гаш) тыюу салбоону өтүндү. Буга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов мыйзам долбоорлорунун бир да жеринде «гаш» деген түшүнүк киргизилбегенин билдирип: «Бул жерде үймө-үй кыдыруу тууралуу маселе каралып жатат. Бул ыкманы исламдан тышкары көптөгөн диний секталар, ошол эле экстремисттик уюмдар да колдонууда. Ушуга байланыштуу бирдей мамиле кылуу максатында бардык конфессияларга үймө-үй кыдырууга тыюу салуу сунушталып жатат», – деди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын илим изилдөө борборунун директору Шүкүр Исмаилов Кыргызстан мусулмандары өзүнүн диний иденттүүлүгүн жоготуп баратканын айтып:

«Андыктан, биздин алдыбызда диний иденттүүлүгүбүздү, дин тутуудагы салттуулукту сактап калуу милдети турат», – деген муфтияттын өкүлү мыйзам долбоорлоруна «борбордук башкаруу органы» деген түшүнүк кирип жатканын жана ага ылайык муфтият бардык диний жөрөлгөлөрдү, анын ичинен даават жүргүзүү тартибин өзүнүн колуна аларын белгилеп, жарандарды кооптонбоого чакырды.

Ошондой эле Бишкектин жана Кыргызстандын Православ чиркөөсүнүн епискобу Сергей Загребельный чиркөөнүн өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун талкуулоого активдүү катышканын жана сунушталган түзөтүүлөрдү колдорун белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: