БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 28-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Мусулман аалымдарынын эл аралык биримдигинин башчысы, төрага Али Махдин Аль-Кардаг Ооганстан менен Пакистанды ыйык Рамазан айынын урматына согуштук аракеттерди жана кан төгүүнү тез арада токтотууга чакырды.

Жарыяланган билдирүүсүндө аль-Карадаги Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөп баратышына тынчсыздануусун билдирип, согуштук аракеттерди тез арада токтотуу зарылдыгын баса белгиледи.
"Бул Рамазан айы — Ыйык Куран түшүрүлгөн жана ырайым кылынган айы. Мындай учурда кан төгүүгө кантип жол ача алабыз? Оогандар менен пакистандыктарды ислам, жалпы кыбыла, жалпы тарых жана жалпы тагдыр бириктирип турат. Силердин ортоңордогу кан төгүү — баарыңар үчүн жоготуу."
— деп айтылат билдирүүдө. Биримдиктин башчысы эки тарапты тең аскердик жолдон баш тартууга, диалогго жол ачууга жана андан ары кан төгүүгө жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө чакырды.
Сүрөт: Жакынкы Чыгыш Монитору
