Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Амангельдиев Данияр Джолдошевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/