Душанбеде Эл аралык тоолор күнүнө карата иш-чара уюштурулду – ИА Караван Инфо
Душанбеде Эл аралык тоолор күнүнө карата иш-чара уюштурулду

Эл аралык тоолор күнүнө карата Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде 14-декабрда иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Элчи Эрлан Абдылдаев иш-чаранын катышуучуларын тоолор күнү менен куттуктады. 

“Кыргызстандын демилгеси аркылуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн таануу менен “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алганын билесиздер. Анын алкагында 2023-2027-жылдар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланганы белгилүү. Акыркы жылдары биздин өлкөдө тоолор күнү мамлекеттик деңгээлде белгиленип, өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Тоолор-биздин байлыгыбыз, кооздугубуз. Биз Кыргызстанды курчаган уникалдуу тоолорубуз менен сыймыктанышыбыз керек”, – деп белгиледи ал. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын тоо күн тартибинин алкагындагы демилгелери тууралуу маалымат берилди жана тоо экосистемаларын сактоонун, ошондой эле тоолуу аймактардагы калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунун маанилүүлүгү боюнча видеоролик көрсөтүлдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: