Елена Рыбакина Австралиянын ачык чемпионатынын финалына чыкты.
Мельбурн, 2026-жылдын 30-январы – Karavan Info маалымат агенттиги . Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина 2026-жылдагы Австралиянын ачык чемпионатынын эл аралык турниринин финалына чыкты. Ал Мельбурнда өткөн жарым финалда жеңишке жетти.

Финалга чыгуу үчүн беттеште Рыбакина америкалык Жессика Пегуланы 6:3, 7:6 эсебинде жеңди.
Чечүүчү беттеште казак теннисчиси беларусиялык Арина Сабаленка менен беттешет.
Сүрөт : FTK
