Францияда эки аскерий учактын кагылышынан эки учкуч тең каза болду
Кечээ Франциянын Мерт жана Мозель департаментинде окуу учуу учурунда эки аскердик учак кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен эки учкуч тең каза болгон.
Басылма жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме жасап, Аквитандык эскадрильянын эки Рафале учагы кагылышып, кырсыкка учураган. Жергиликтүү бийлик издөө иштерин баштады, бирок эсин жоготкон жаракат алган учкуч тууралуу алгачкы маалымат тастыкталган жок.
Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну кырсыктан эки учкуч тең каза болгонун ырастады. Франциянын президенти Эммануэль Макрон өзүнүн X эсебинде көңүл айтып, трагедия эки аскер кызматкеринин өмүрүн алганын белгиледи.
Сүрөт: Pixabay.com/Defense-Imagery