2026-жылкы футзал боюнча Азия кубогу 27-январда Индонезиянын Жакарта шаарында башталат. Биринчи турда Кыргыз курама командасы Ирак менен беттешет. Беттеш Индонезия Аренасында өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
Машыктыруучу Нуржан Жетыбаевдин жетекчилиги астында Кыргыз курама командасы турнирдин кожоюндары Индонезия, Ирак жана Түштүк Корея менен бирге А тобунда күч сынашууда. Чемпионатта Азиянын эң күчтүү 16 командасы төрт топко бөлүнгөн. Топтук этапта биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар плей-оффко чыгышат.
Кыргызстан курама командасынын турнирдик беттештери:
- 27-январь, саат 14:00 – Ирак – Кыргызстан
- 29-январь, саат 18:00 – Индонезия – Кыргызстан
- 31-январь, саат 18:00 – Кыргызстан – Түштүк Корея
Беттештердин түз эфирин UTRK Sport жана Kyrgyz Sport телеканалдарынан, ошондой эле Neotelecom, Aknet жана Megaline кабелдик тармактары аркылуу көрүүгө болот.
2026-жылдын 27-январы, саат 8:36:04

