ООГАНСТАН, 2026-жылдын 16-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Гератта "Төрт мезгил" деп аталган эл аралык мөмө-жемиш, жашылча жана азык-түлүк жарманкесинин курулушу башталды.

Долбоордун баасы болжол менен 5 миллион долларды түзөт жана алты айдын ичинде ишке кириши күтүлүүдө.
Герат провинциясынын губернаторунун басма сөз кызматы жарманке 65 жириб* аянтында төрт этап менен курулаарын жарыялады. Аянтта 600 дүкөн, ошондой эле 20 000 тоннага чейин айыл чарба продукциясын сактоого жөндөмдүү 25 жириб өлчөмүндөгү муздаткыч кампалар болот.
Аземде Гераттын губернатору айыл чарбасы Ооганстандын экономикалык жактан өзүн-өзү камсыз кылуусунун негизги тиректеринин бири экенин белгиледи. Ал жарманкенин курулушу дыйкандарга, соодагерлерге жана дүкөнчүлөргө олуттуу пайда алып келерин баса белгилеп, дыйкандарды адистер менен кеңешип, айыл чарбасын модернизациялоо үчүн заманбап, аз суу талап кылган өсүмдүктөргө өтүүгө чакырды.
Ооганстандын айыл чарба, сугат жана мал чарба министринин орун басары бул долбоорду мөмө-жемиштерди кайра иштетүү жана жеткирүүдөгү маанилүү кадам деп атап, министрликтин дыйкандар жана малчылар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө болгон берилгендигин баса белгиледи.
*Эскертүү: Жириб – Ооганстан менен Иранда салттуу жер өлчөө бирдиги. 1 жириб = 2000 чарчы метр.
Сүрөт: Atlas Media
