Ички аскерлердин мыкты башкармалык жана бөлүмдөрү аныкталды – ИА Караван Инфо
Ички аскерлердин мыкты башкармалык жана бөлүмдөрү аныкталды

2025-жылдын 14-январында Ички аскерлердин 2024-жылы аткарган күжүрмөн-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу кеңешмеси болуп өттү.

Аталган кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.

Алгач, ички иштер министринин орун басарын Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев 7705, 7708, 7709 аскер бөлүктөрүнүн аймактарында, спортзалда жана Ички аскерлердин борбордук музейинде аткарылган оңдоп түзөө иштери менен жакындан тааныштырды.

Таанышуу учурунда ички иштер министринин орун басары өздүк курам менен аскердик тартипти бекемдөө багытында маек өткөрдү.

Андан соң, кеңешме жыйын өткөрүлүп, ал иш-чарага Ички аскерлердин башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, аскер бөлүктөрүнүн командирлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкармалык башчылары жана аскер болүктөрдүн командирлери 2024-жылы аткарылган иштер тууралуу баяндама беришти. 

Ички аскерлердин 2024-жылы аткарган күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен, башкармалыктар арасында 1-орунду техникалык жана ооруктук камсыздоо башкармалыгы ээлесе, бөлүмдөр арасында күжүрмөн кызмат жана ыкчам талдоо бөлүмү мыкты деп аныкталды.

Аскер бөлүктөр арасында 7702 аскер бөлүгү 1-орунду ээледи. Ал эми 2-орунга 7704 аскер бөлүгү, 3-орунга 7709 аскер бөлүгү татыктуу болушту. Жеңүүчүлөр өткөрмө вымпелдер жана дипломдор менен сыйланышты. 

Ошондой эле, жыл жыйынтыгы менен кесиби боюнча мыкты болуп аныкталган аскер кызматкерлери Ички иштер министринин атынан эс алууга сертификаттар менен сыйланышты.

Сыйлыктарды Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тапшырды.

Жыйынтыгында, Ички иштер министринин орун басары жыйындын катышуучуларына жана жалпы өздүк курамга бекем ден соолук, кызматтарына ийгиликтерди каалап, мындан ары да коюлган тапшырмаларды так жана сапаттуу аткарууга чакырып кетти. 

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 13-январында баштап 15-январына чейин Ички аскерлердин күжүрмөн даярдоо мерчеминин негизинде, башкармалык, бөлүм башчылары жана аскер бөлүктөрдүн командирлери менен окуу усулдук жыйын уюштурулуп, өткөрүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: