2024-жылдын 25-декабрында Ички иштер министирлигинин борбордук аппаратында Кыргыз дене-тарбия спорттук “Динамо” коомдук бирикмесинин кезектеги жалпы жыйыны болуп өттү.
Бул жыйынга министрдин орун басары генерал-майор Октябрь Урмамбетов катышып, алгач коомдук бирикменин аткарылган иштери тууралуу таанышып, аймактардан келген делегаттар менен көйгөйлүү маселелердин чечүү жолдорун талкуулады.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө катышуучулар коомдун 2021-жылдан 2024-жылга чейинки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчету менен таанышып, кеңештин курамы боюнча маселелерди карашты.
Андан соң, Борбордук кеңешти жана текшерүү комиссиясын, “Динамо” кыргыз дене-тарбия –спорт коомунун төрагасын шайлоо иш-чарасы өттү. Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн ишеним менен коомдун төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков дайындалды, ошондой эле орун басары болуп милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул Мадалиев бир добуштан шайланды.
Жыйындын соңунда спорттук иш-чаралар байма-бай уюштурулуп тураарын жана милиция кызматкерлерин спортко чакыруу менен кызматтар аралык спорттук мелдештерде байгелүү орундарды багындырган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/