2024-жылдын 10-декабрь күнү ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков онлайн-кеңешме өткөрдү.
Онлайн кеңешмеде Баңгизаттарга каршы күрөшүү иш-чаралары жана 2024-жылды ийгиликтүү жабуу жөнүндө, ошону менен бирге кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын күчөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралды.
Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков өз сөзүндө, учурда элибизге кедергисин тийгизип жаткан көйгөйлөр болуп жаткан жаратылыш кырсыктары, коомдун саламаттыгына зыян тийгизген баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүүсү, ошондой эле экстремизм жана терроризм маселеси жана кибер-кылмыштуулуктун өрчүшү жана интернет тутумунун терс таасирлери тууралуу айтып өттү.
Аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында, өлкө башчысы тарабынан эл аралык кызматташтык чыңдалып, заманбап инновацияларды калыптандыруу, билим берүү, улуттук саламаттык, экология, коргонуу-коопсуздук жаатындагы бир катар ири долбоорлор жана маанилүү программалар кабыл алынгандыгы баса белгиленди.
“Акыркы төрт жыл аралыгында, 50дөн ашуун мамлекеттердин Ички иштер министрликтери менен өз-ара кызматташтыкты бекемдеп, коопсуздук жаатында ондогон долбоорлорду, келишимдерди жана эки тараптуу макулдашууларды кабыл алдык.
Коопсуздукту камсыздоо боюнча кесиптик билимди жогорулатуу, жаңы технологияларды иштеп чыгуу, укук коргоо жаатында эл аралык кызматташууну бекемдедик. Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтарында кибер-кылмыштуулукка бөгөт коюп, аны уюштурган жана жасаган адамдарды ыкчам аныктай турган кызматтарды ачып, ишке киргиздик. Айти-программаларды түзүүгө жана иш алып барууга жөндөмү бар кесипкөй кызматкерлерди даярдап, санарип ыкмаларды калыптандырууга жетиштик. Учурда санарип тармагы боюнча орнотулган видео-камералардын жана заманбап технологиялык ресурстардын жардамы аркылуу, кылмыштардын дээрлик көпчүлүгү ыкчам ачылып жатат. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында, чет элдик эң алдыңкы тажрыйбаларды ишке киргизип, бүгүнкү күндө ийгиликтүү колдонуп жатабыз.
Өлкөбүздө, синтетикалык жана күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерге байланыштуу көйгөйлөр тууралуу, синтетикалык баңгиликке азгырылган адамдар, үй-бүлөлүк зомбулуктан баштап, оор кылмыштарга чейин барып жаткандыгы, ошондой эле өзүбүздүн ичибизден тазалануу процессин улантып, баңгизаттарга аралашкан кызматкерлерди аныктап, алардын арасынан ондогон кызматкерлерди камакка алдык. Бул иштерди, мындан ары дагы күчөтөбүз.
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын материалдык-техникалык базасын бекемдеп, мурдагыга караганда бир кыйла жакшыртып, ченемдик-укуктук актыларды да жөнгө салып бердик.
Андан сырткары Ички иштер министрлиги тарабынан эки айлык мөөнөткө белгиленген жалпы коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары ийгиликтүү ишке ашырылып, жаш өспүрүмдөр арасында профилактикалык жумуштарын жүргүзүү улантылып, калкыбызга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү иш-чаралар жакшыртылсын.
Аны менен бирге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иш-аракеттери колго алынсын. Оор залал келтирүү менен коштолгон жол кырсыктарына бөгөт коюлуп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте таасирдүү пропагандалык иш-аракеттер алып барылсын”, – деди Улан Ниязбеков.
Кеңешменин жүрүшүндө Улан Ниязбеков Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына бир катар тапшырмаларды берди:
Кеңешмеде өздүк курам арасындагы кемчиликтердин баарына жер-жердеги биринчи жетекичилер түздөн-түз жооптуу экенин белгилеп, кызмат учурунда болобу же кызматтан тышкары учур болобу, жакшы жактан мисал болуп, өздүк курам эле эмес, бардык жарандарга үлгү болуп жүрүшү, ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо, эл арасында резонанс жараткан кылмыштар менен окуяларды алдын алуу жумуштары күчөтүлүүсү белгиленди.
Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/