ИИМ эми айдоочулук күбөлүк жана унааларды каттоо менен алектенбейт. Мыйзамга кол коюлду – ИА Караван Инфо
ИИМ эми айдоочулук күбөлүк жана унааларды каттоо менен алектенбейт. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) “Унаа” мамлекеттик мекемеси “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин курамынан чыгарылып, өз алдынча агенттик болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын (ИИО) милдеттерин тактоо максатында кабыл алынган.

Жогоруда аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлгөн.

Ушуга байланыштуу, бул кабыл алынган Мыйзам менен ИИОнун милдеттеринин ичинен транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды жана окуу уюмдарынын окуучуларын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашыруу, квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү, ошондой эле транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) милдеттери алып салынган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: