ИИМдин Катчылыгы 100 жылдык мааракесин белгиледи – ИА Караван Инфо
ИИМдин Катчылыгы 100 жылдык мааракесин белгиледи

Бүгүн КРнын ИИМдин борбордук аппаратында Катчылыктын түзүлгөн күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Бул иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышып, кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал ошондой эле Катчылык кызматынын жооптуу милдеттерин жогору баалап, кесипкөйлүк жана жетишкендиктерди белгилеп, ар бир кызматкердин жоопкерчиликтүү иши жакшы натыйжаларга алып келээрин айтты. Министрдин орун басары кызматкерлерге ийгиликтерди, бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине милициянын ишмердүүлүгүн жогорулатууга кошкон салымдары үчүн ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Катчылыктын түзүлүү тарыхы 1924-жылдын 17-декабрында Кара-Кыргыз Автономиялык Облусунун милициясынын Катчысы катары Николай Бородин, иш жүргүзүүчү катары Александр Артомов, машинистка катары Александра Ткаченко дайындалганы тууралуу буйрук чыгарылган.

Азыркы учурда ИИМдин Катчылыгы жашыруун ченемдик-укуктук актыларды жана документтер менен иштөөдө купуялуулук режимин сактоону, жалпы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча, уюмдардын жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча, аларды жеке маселелери боюнча кабыл алууну, аткаруучулук тартиптин абалын камсыз кылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: