Ири алдамчы Орусиядан Казакстанга экстрадицияланды
Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген адам Казакстанга экстрадицияланды. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Павлодар шаарынын тургуну алдамчылык жолу менен 66 адамдын акчасын кирешелүү бизнеске салам деп бир нече жыл ичинде ээлеп алган.
Жабыркагандарга келтирилген зыяндын суммасы 223 миллион теңгеден ашкан. Кылмыштарды жасагандан кийин алдамчы дайынсыз жоголуп, эл аралык издөөгө алынган. Былтыр декабрда ал Орусияда кармалган.
Шектүү учурда камакта. Ал мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Сүрөт: pixabay.com/mrganso