Ирина Карамушкинага тергөө тобу келди. Добуштарды сатып алган деп шектелүүдө
Учурда СДПК саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ирина Карамушкинанын үйүнө ыкчам тергөө тобу келди.
Бул боюнча видео соцтармактарга тарады.
Буга чейин Бишкек ШИИБинен билдиришкендей, Социал-демократтар партиясынын штабында тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө кызматы 196-берене (“Добуштарды сатып алуу”) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Социал-демократиялык партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкинанын сүйлөшүүсүнүн аудижазуусу социалдык тармактарга жарыяланган, ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесине (“Добуштарды сатып алуу”) ылайык кылмыш иши козголду.
«Алар 17-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуштарды сатып алуу маселесин талкуулашкан», — деп айтылат маалыматта.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/