Якутиянын өкүлү "Мисс Азия Россия" наамын жеңип алды
МОСКВА, 2026-жылдын 25-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. 17-марттан 24-мартка чейин Улан-Удэ шаарында "Азия сулуусу жана айым Россия" Бүткүл орусиялык улуттук сулуулук сынагы өттү. Иш-чаранын максаты – Россия элдеринин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу. Татарстан, Тува, Калмыкия, Забайкалье, Кузбасс, Иркутск облусу, Бурятия жана башка аймактардан келген катышуучулар өз элдеринин каада-салттарын жана маданияттарын тартуулашты.

"Мисс" категориясында абсолюттук жеңүүчү деп Саха Республикасынан (Якутия) келген Виктория Попова табылды.
Сынактын жыйынтыгы боюнча, келерки жылдагы иш-чараны өткөрүү укугу Якутияга өткөрүлүп берилди.
Сүрөт: mrsasiarussia.ru
