Кыргызстандын делегациясынын Эфиопиянын Федеративдик Демократиялык Республикасына болгон иш сапарынын алкагында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Эфиопиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Мисгану Арга менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Асеин Исаев эфиопиялык тарапка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Эфиопиянын президенти Тайе Ацке-Селассиеге даректелген кайрылуусун тапшырды.
Мисгану Арга кыргыз делегациясынын иш сапарын жогору баалап, бул Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен мамилелерин өнүктүрүүгө болгон аракетинин далили экенин белгиледи.
Эфиопиялык дипломат Аддис-Абеба шаары Африканын саясий борбору болуп санала тургандыгын жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө Африкада өкүлчүлүгүн ачууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жаткандыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал Аддис-Абеба шаарында Кыргызстандын да өкүлчүлүгү болот деген ишенимин билдирип, эфиопиялык тарап керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар эл аралык кун тартибинин актуалдуу проблемалары боюнча позициялардын дал келгендигин белгилешти. Эфиопиянын мамлекеттик министри Туштук-Түштүк кызматташтыгы аркылуу күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, тараптар туризм, экономика жана билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын талкуулашты.
Эфиопиянын граждандык авиациясынын башкы директору Гетачев Менгести менен да жолугушуу болду. Жолугушууда эки өлкөнүн авиациялык байланыш тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Белгилей кетчү нерсе, Ethiopian Airlines 160дан ашык флоту жана 140тан ашык багыттарга түз каттамдары бар Африкадагы эң ири авиакомпания болуп саналат.
Бул контекстте эфиопиялык тарап Кыргыз Республикасы менен Эфиопиянын авиация кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуну сунуштады, ошондой эле Бишкек менен Аддис-Абебанын ортосунда түз авиакаттам ачуу жана Кыргызстанды Африка, Европа жана Азиядагы негизги хабтар менен байланыштыра ала турган жүк ташууларды ачууга даяр экендигин билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/