Эки аскер комиссары коррупцияга шектелип кармалды – ИА Караван Инфо
Эки аскер комиссары коррупцияга шектелип кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Бишкек шаарынын Ленин районунун аскер комиссары К.Н.С. жана Чүй областынын Аламүдүн районунун аскер комиссары Ж.Ж.Ж. коррупция фактысы боюнча кармалды.

Аталган кызматкерлер системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу схемасын уюштуруп, милдетүү аскер кызматынан качуу максатында аскерге чакырылуучулардан жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн акча алышкан. Ошондой эле, мобилизациялык резерв боюнча жыйындарга кирүү үчүн талапкерлердин тизмесине киргизүүдө да акча опузалоо фактылары аныкталган.

Кармалгандар Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, тергөө амалдары КР Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: