ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 26-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссары (UNHCR) билдиргендей, акыркы эки жарым жылдын ичинде Пакистандан Ооганстанга 2 миллиондон ашык ооган кайтып келген.

Уюмдун өкүлү Кайзер Хан Апреди бул санга өз демилгеси менен кайтып келгендер да, тиешелүү жол-жоболордун негизинде Пакистандан депортациялангандар да кирерин белгиледи.
Пакистан бийликтери кайтып келүү процесси ыктыярдуу программалар жана өкмөттүк чаралар аркылуу акырындык менен жүрүп жатканын билдиришти.
Хайбер-Пахтунхва бийлиги Ланди Коталдагы транзиттик лагерден оогандарды ташуу ишин тездетти.
2023-жылдын сентябрь айынан бери Пакистандан болжол менен 204 миң ооган күч менен куулуп чыгарылган.
Расмий булактар кайтып келүү процесси уюшкандыкта жана коопсуз түрдө жүргүзүлөрүн, ал эми мыйзамсыз жашоого каршы чаралар мыйзам чегинде көрүлөрүн баса белгилешти.
Сүрөт: Globe and Mail
