2026-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.К. Боконтаев "Ишкер Россия" Бүткүл Россиялык Ишкер Ассоциациясынын президенти П.Б. Титов тарабынан уюштурулган ишкердик жолугушууга катышты.

Элчи К.К. Боконтаев катышуучуларга Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан инвестициялык климатты жакшыртууга жана бизнес жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган активдүү реформалык саясат жөнүндө маалымат берди.
Туризм жана маанилүү пайдалуу кендерди казып алуу жаатындагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор баса белгиленди. Аларды ишке ашыруу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана түз байланыштарды түзүүгө даяр экендик билдирилди.
Катышуучулар кыргыз жана орусиялык бизнес коомчулуктарынын ортосундагы байланыштарды андан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти жана биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду иштеп чыгуу максатында Кыргызстан менен Орусиянын бизнес ассоциацияларынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун аягында катышуучулар Орусияда жана Кыргызстандагы экономикалык иш-чаралардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында бир катар жолугушууларды пландаштырышты.

Маалымат үчүн: "Деловая Россия" – бул жеке менчик ресурстук эмес компаниялардын лидерлеринин кызыкчылыктарын коргогон жалпы улуттук коомдук уюм. 2001-жылы негизделген уюм 10 000ден ашык орусиялык ишкерлерди бириктирет. "Деловая Россиянын" мүчө компанияларында 4,5 миллиондон ашык адам иштейт жана алардын жалпы жылдык кирешеси 10 триллион рублдан ашат.
Ишкердик ассоциациянын Башкы кеңеши учурда 315 мүчөдөн турат, алардын 50сү уюмдун Координациялык кеңешинин — "Деловая Россиянын" башкаруу органынын мүчөлөрү. "Деловая Россия" Россия Федерациясынын 89 субъектисинде өкүлчүлүк кылат. Чет өлкөлөрдө бизнес уюмун 50 бизнес элчиси өкүлдөйт. "Деловая Россия" 300дөн ашык эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк кылат. Миңдеген эл аралык бизнес миссиялары өткөрүлдү.
Булак: Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги
