Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн башчысы Б. Асаналиев Южно-Сахалинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Б. Асаналиевдин Южно-Сахалинск шаарына жумушчу сапарынын алкагында 2026-жылдын 3-апрелинде Южно-Сахалинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда Сахалин облусунда жашаган мекендештерге чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында болушун жөнгө салуучу Россиянын миграция мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди.

Андан кийин жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, анда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты.

Булак: Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги
