Эмгек сиңирген спорт чебери Екатерина Овчарова дүйнөдөн кайтты – ИА Караван Инфо
Эмгек сиңирген спорт чебери Екатерина Овчарова дүйнөдөн кайтты

Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында 76 жаш курагында белгилүү машкыктыруучу, СССРдин спорттуук акробатика боюнча спорт чебири, эмгек сиңирген спорт чебери, көрүнүктүү педагог жана Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги Овчарова Екатерина Семеновна дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Екатерина Овчарова 1948-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

Эмгек жолун 1972-жылы Беловодский айылындагы “Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттук гимнастика боюнча макыштыруучу-мугалим кызаматынан баштаган. 1973-жылы спорттук гимнастика боюнча улук машыктыруучу кызматына дайындалып Фрунзе шаарындагы №2 “Балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинде атлаган спорттун түрүнөн курама команданы түптөгөн.

Мындай сырткары, Екатерина Овчарованын жетекчилиги алдында спорттук гимнаситка жана спорттук акробатика боюнча 1982-2018-жылдары окуучулары байгелүү орундарга ээ болушкан.

Екатерина Овчарова СССРдин жана Кыргыз Республикасынын 22 спорт чеберин, 30 спорт чебенине кандидттарын жана 50 дөн ашык 1- разряддын ийгилктүү коргоого зор салымын кошкон.

Алган наамдары:

– Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги”;

– Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги;

– Улуттук категориядагы калыс.

Дене тарбия жана спорт департаменти Екатерина Овчарованын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготууну тең бөлүшөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: