Кадамжайда жаңы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңсеси ачылды – ИА Караван Инфо
Кадамжайда жаңы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңсеси ачылды

Кадамжайда жаңы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңсеси ачылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынан (БУУӨП) билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул кеңсе өзгөчө аялуу топтор үчүн өз убагында жана сапаттуу юридикалык жардам көрсөтөт.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы имаратты акысыз негизде берген, андан кийин ал оңдолуп, сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүгө бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалган.

Кеңсенин ачылыш аземинде БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева бул жаңы кеңсенин өзгөчө аялуу топтор үчүн өз убагында жана натыйжалуу юридикалык кызматтарды көрсөтүүдөгү маанисин белгиледи.

“Бул кеңсе Кадамжай районунун жана анын чегинен тышкары жашаган тургундардын сот адилеттигине жетүүсүн олуттуу түрдө кеңейтет жана эң муктаж адамдарга маанилүү колдоо көрсөтөт. Бул биздин “эч кимди артта калтырбоо” принцибине болгон берилгендигибизди чагылдырат,” – деди ал.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: