“Forbes” журналы дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин түзүп, муну астрология менен байланыштырып көрүшкөн. Натыйжада кайсы жылдыз белгинин астында төрөлгөн адамдарды акча “сүйөрү” белгилүү болгон. Анын жыйынтыгы мындай:
12-орун — Жаачы
Эң бай жылдыз белгилеринин эң акыркы орунунда Жаачы турат. Жаачылардын акчасы жок эмес, бирок ага канча болсо да жетишсиз боло берет. “Байкуш” Жаачы өзүнөн бай, ийгиликтүү адамдар бар экенине такыр макул болгусу келбейт. Жаачылар билим берүү, саякат жаатында иш алып барса жакшы акча табышат. Мындан башка жаатта эмгектенсе деле ошол ишинин келечеги, кандай пайдасы бар экенине толук көзү жетиши керек.
11-орун — Суу куйду
Суу куйдуда акча жок, анткени ал акча тапканга аракет да кылбайт. Ар бир тыйындын артынан түшүү Суу куйду үчүн эмес. Ал ийгиликтүү түгөй таап алып, анын акчасына маарып жашаганды жакшы көрөт. Ошондой эле бул адамдар өздөрүнүн жаңы ачылыштары жана өзгөчө идеяларынын арты менен акча таба алышат. Акча жаатында дайыма ички туюмуна ишенишет. Суу куйдулар үчүн кирешелүү кесиптер: дизайнер, музыкант, учкуч, фермер.
10-орун — Балыктар
Балыктардын акыркы орундарда турганынын себеби – алар акча тапканды билишпейт. Канчалык аракет кылбасын, бул жагынан жолдору жок. Эгерде 30 жашына чейин жашоодон ордун таап албаса, өмүр бою жакырчылыкта жашап өтөт. Карьералык өсүшкө жетишип, кайра түшүп калган учурларды баштарынан көп өткөрүшөт. Балыктар үчүн кирешелүү кесиптер болуп сүрөтчү, психолог, мал доктурлук эсептелинет.
9-орун — Тараза
Жумушунан ийгилик жараткысы келген Таразалар ири мекемелерде иштөөсү керек. Бир бурчта жалгыз отуруп алып иштей берүү Таразалар үчүн эмес. Аларды тегеректеп турган аарыдай ызылдаган жамаат керек. Бул жылдыз белгисинин ээлери башкалардын көйгөйлөрүн чечкенди жакшы көрүшөт. Акча тапканга кызыга беришпейт. Алардын байлыгы – популярдуулугу жана атагы.
8-орун — Эгиздер
Эгиздер – акча иштеп табуу жагынан чыныгы профессионалдар. Бир эле убакта бир канча ишти бүтүрүүгө жөндөмдүү. Анда эмне үчүн 8-орунда деп жатасызбы? Анткени алар колундагы акчаны туура иштеткенди билишпейт. Чөнтөгүндө канча акчасы болсо да оңго-солго чачып жок кылат. “Эртеңки күн болбой калышы мүмкүн, андай болгон соң акчаны эртеңкиге сактагандын эмне кереги бар?” деген принцип менен жашашат. Эгиздер белгисинин алдында төрөлгөндөр жетекчиси жакпай калганы үчүн эле кирешелүү, келечектүү ишин таштап басып кете алышат. Чыгармачылык жана акыл-эс иши айкалышкан кесиптерде Эгиздер өзүн бактылуу сезет жана жакшы акча таба алат.
7-орун – Букачар
Букачардагы акчага болгон сүйүү канында бар. Анын өзгөчөлүгү – тапкан акчасын сарамжалдай алат. Букачардын жашоодогу негизги максаты – кооз, кымбат буюмдарды сатып алып, өзүнө бардык жагынан шарт түзүп жашоо. Анын тапкан акчасы ошого, бирок андан ашпайт. Канчалык аракет кылбасын, эч качан байыбайт. Букачар туруктуулукту баалайт: кечиктирбей берилген айлык маяна, эс алуу болсо болду. Ага гүлдөргө, тамак-ашка, зер буюмдарына байланышкан иштер ылайыктуу.
6-орун — Арстан
Арстан – жылдыз белгилеринин падышасы. А падыша кедей болбош керек. Арстандардын амбициясы жана мактанганды жакшы көргөндүгү анын байлыгынын көбөйүшүнө шарт түзөт. Анын байышына стимул болгон дагы бир нерсе – анын үй-бүлөсү: тапканын түгөйүнө көрсөтүү үчүн үйүнө алып келгенди жакшы көрөт. Ал эми акчаны зарыл учурда гана этиеттик менен иштетет. Арстандар жетекчисинин жакшы көргөн кызматкери болушат. Анткени алар тайманбастыгы, иш билгилиги менен мекемеге пайда алып келишет.
5-орун – Бөйөн
Бул жылдыз белгинин астында төрөлгөн адамдар дайыма акча чогултуп жүрүшөт. Анткени аларды эртеңки күнү катуу тынчсыздандырат. Эмгектен качышпайт, күнү-түнү деле иштегенге кайыл. Ушул жана сарамжалдуулук сапаты менен Бөйөндөр ийгиликтүү, бай адамдар болушат. Тейлөө, юриспруденция, балдар менен, жаныбарлар менен иштөөдөн Бөйөндөр ырахат алып, жакшы акча табышат.
4-орун – Кой
Койлор бала кезинен эле бир орунда отура албаган адамдар болушат. Алардын мындай адатынын пайдасы карьерасына да тиет. Бул жылдыз белгисинин өкүлдөрү бир эле багыт менен көп убакыт иштей алышпайт. Анткени алар темпераменттүү келишет, көп нерсеге жетишүүгө болгон каалоосу ичинде ашып-ташып турат. Анан да чарчоо дегенди билбеген кыймылдуулугу – булардын бардар жашоосунун негизги себеби. Күчтүү, кайраттуу, атаандаштыкка туруштук бере билүү деген да мыкты сапаттардын ээлери. Булар тобокелчиликке барганды жакшы көрүшөт, анын айынан болгон байлыгынан ажырап калышы да мүмкүн, бирок акырындык менен аны кайтарып алат. Ири суммадагы акча Койлорго өз жумушунда тынымсыз иштөөдөн келет. Бардарчылык жашоо Койлорду өмүрүнүн акырына чейин коштоп жүрөт.
3-орун – Текечер
Текечерлер көп акча таап, өтө аз коротушат. Алар үчүн билим – акча табуунун эң ишенимдүү булагы болуп берет. Мындай адамдар өздөрү деле акчасын болбогон нерселерге короткондон көрө дагы бир жогорку билимге ээ болуп алууну туура көрүшөт. Карьерада акырындык менен жогорку тепкичке чейин жетишет. Ошондой эле булар адилеттүү болушат. Эгерде жогорку кызматка өзүнөн башканын татыктуу экенин сезсе, ага орун бошотуп берет. Текечерлер көбүнчө ири мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалашат, аларда уюштуруучулук да жөндөм бар. Өздөрүнүн эмгекчилдиги, акылы менен жашоодо чоң ийгиликтерге жетишет.
2-орун – Чаян
Чаяндардын ички туюму мыкты өнүккөн. Алар ийгиликке кайсы жерден жетсе болорун сезишип, ошого жараша аракет кылышат. Булар эң кайраттуу адамдар болушат. Эгер алдына кандайдыр бир максат койсо, эч нерсеге карабай ошого жетет. Андыктан бул жылдыз белгинин алдында төрөлгөндөр бизнесте дайыма ийгиликке жетишет. Бирок 40 жашка чейин жашоодон ордун таап алуулары керек, болбосо андан кийин баюуга байланыштуу кыялдарынын бири да ишке ашпайт.
1-орун – Бийкеч
Бул жылдыз белгинин алдында төрөлгөн адамдар эң бай жана ийгиликтүү адамдар болуп эсептелинет. Анткени булардан өткөн эмгекчил адам жок. Башкалардан иштин көзүн таба билгендиги менен айырмаланат. Бул же тигил ишке киришерде жакшылап ойлонуп, ишти анализдеп, таразалап туруп анан киришет. Бул жылдыз белгинин ээлери чыгармачыл чөйрөдө да, сандарга байланыштуу иште да ийгиликке жетишип, байлык топтой алышат. Бирок Бийкечтер канчалык бай болбосун, өтө жөнөкөй болушат, базар аралап, арзан кийимдерди кийип жүргөндөн уялышпайт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/