Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагында жайгашкан Барпы чек ара заставасынын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды.
Ачылуу аземине Чек ара кызматынын жетекчилиери, жергиликтүү башкармалыктарынын жана чек ара заставасынын өздүк курамы, жергиликтүү тургундар катышты.
Аталган чек ара заставасы буга чейин айыл ичинде жайгашкан эски балдар бакчасынын имаратында жайгашкан болчу.
Тийиштүү кызматттар ал имаратты пайдаланууга болбойт, авариялык абалда деген тыянак чыгарган. Мындан улам, чек арачыларга жаңы заманбап застава куруу зарылчылыгы келип чыккан.
Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү астында заставанын курулуш иштери кыска убакытта, бардык талаптарга жооп бере турган шартта курулуп бүткөрүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/