Камчыбек Ташиев кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын айтты – ИА Караван Инфо
Камчыбек Ташиев кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйын уюштуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

УКМК төрагасы “Кийинки президенттик шайлоого ат салышасызбы?” деген суроого жооп берип, мындай деди:

“Бүгүнкү күндө президентибиз Садыр Нургожоевич иштеп жатат. Эгемендик алгандан берки эң жакшы жана натыйжалуу иштеген президенттердин бири болду. Эки жылдан кийинки боло турчу президенттик шайлоого катышпайм. Мен толугу менен Садыр Жапаровду колдоп жүрөм. Айткылачы, ал кишиден башка кимди колдой алабыз? Бекназаровду, Равшан Жээнбековду президент кылалыбы? Же кайрадан Атамбаевди алып келип президент кылалыбы? Мунун баары башыбыздан өттү, көрдүк. Азыр президент жакшы иштеп жатат, аны мындан ары колдошубуз керек. Мыйзам боюнча Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого эки жолу талапкерлигин койгонго укугу бар. 2027-жылы 5 жыл, андан кийинки дагы беш жылга”. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: